Аламүдүн районунда мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу фактысы боюнча шектелген өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 61 жаштагы Малиновка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 16-октябрга караган түнү белгисиз жарандар тарабынан “Кыргызстан” санаторийинин айнектерин талкалап кеткенин айткан. Бул ишке катыштыгы бар 13 жана 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Алардын ата-энелерине карата административдик протоколдор түзүлүп, талкаланган айнектердин чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилишти.