Бишкекте зордуктоого шектелип таксист кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Ауди унаасы токтотулган. Унаанын ичинде 18 жаштагы кыз болгон. Ал милицияга таксист зордуктаганын айтып, жардам сураган. Ошол жерден 1991-жылкы айдоочу кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.