Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Кыргыз алтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун иши боюнча сот отуруму болмок. Бирок айыпталуучу тараптын отурумга келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды.
Эске сала кетсек, Дилгер Жапаров “Кумтөр” ишканасынан 200 миллион долларды мыйзамсыз алып чыгып кеткен” деп айыпталууда. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында кармалган. Учурда №1-тергөө абагында отурат.