Бүгүн түнү Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл районундагы Кайыңды айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышты, Тегирменти айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты, Тору-Айгыр айылынан 28 чакырым түндүк-батышты, Балыкчы шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Анын күчү эпицентринде 3,5 баллга жеткен. Кайыңды айылында 3,5 балл, Тегирменти айылында 3 балл, Тору-Айгыр айылында, Балыкчы шаарында 2,5 балл болгон.