Нарын облустук ички иштер башкармалыгында өрт чыкты

Нарын облустук ички иштер башкармалыгында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо 16-декабрь күнү 15:34 чамасында катталган. Өрттүн кесепетинен Нарын ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн эки бөлмөсү, стол, отургучтар, эшик-терезе, шыбы, чатыры күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан