Пакистандын Пешавар шаарындагы чабуулдан 128 адам каза таап, 122 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 16-декабрь күнү эртең менен 10го жакын куралданган адамдар Пешавар шаарындагы аскер кызматкерлеринин балдары окуган мектепти басып алышкан. Ошол учурда мектептин ичинде болжол менен 500гө жакын адам болгон. Алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары эле. Басып алуучулар каршылык көрсөткөндөрдү аткылашкан. Анын кесепетинен каза тапкандардын саны 128ден ашкан. Өлгөндөрдүн арасында 12ден 16 жашка чейинки балдар басымдуулук кылат. Учурда басып алуучулардын баары жок кылынып, үч күндүк аза күтүү жарыяланды.