Аламүдүн районунда тоноо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы тургун кайрылган. Анда ал Маевка айылындагы кафелердин биринен белгисиз адам сабап, уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.