Ош мамлекеттик университетинде универсиаданын алкагында жыл бою ар айда бирден спорт түрү боюнча мелдеш уюшулууда. Декабрда окуу жайда күрөш боюнча мелдеш болуп, ага күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер грек-рим күрөшү боюнча 8 салмакта (50 килограмм, 55 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 84 кг, 96 кг, 96 килограммдан жогорку салмакта), ал эми эркин күрөш боюнча 9 салмакта (47 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 66 кг, 73 кг, 83 кг, 90 кг, 90 килограммдан жогорку салмакта) күрөшүштү.
Окуу жайдан кабарлашкандай, мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык эсепте грек-рим күрөшү боюнча 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду физика-техника факультети, 3-орунду Медициналык колледж ээледи. Эркин күрөштө алдынкы үчтүккө педагогика жана дене тарбия факультети, Медициналык колледж жана юридика факультети кирди.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөр 2015-жылы республикалык универсиадага катышып, окуу жайдын намысын коргошмокчу.