Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси менен Жогорку Кеңештин кызматкери кыргыз-малайзиялык ишканадан талаштуу маселени чечип берүү үчүн 75 миң доллар алышып, керектеп коюшкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.