Жалал-Абад облусунда Социалдык фонддун кызматкерлери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө

Жалал-Абад облусунда Социалдык фонддун кызматкерлери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районундагы Социалдык фонддун башкармалыгында идентификациялык номурларды алмаштыруу менен жеке жактарга паспорттор берилген. Мындай паспорттор көбүнчө чет өлкөгө кирүүгө тыюу салынган жарандарга берилчү. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан