Бишкекте жаңы конуштардагы батирлерди тоноого шектелген 2 жаран кармалды

Борбор калаадагы Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноо боюнча 15 фактыга катыштыгы бар 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда маалымат жыйынында Биринчи Май РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурмат Давлетов билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы убакыт аралыгында Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноо учурлары катталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун Э.С. жана А. у. А. аттуу жарандары кармалды. Учурда бул эки жарандын Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноо боюнча 15 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg.sity93
2014-12-17 22:08:35
Уурулук зордуктоо абдан кободу го...милиция иштебей жатабы же адамдар бузулдубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан