Украиналык мушкер, супер оор салмактагы (97 килограммдан жогорку салмакта) абсолюттук чемпион Владимир Кличко кезектеги беттешин 25-апрелде АКШнын аймагында өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Владимир Кличконун профессионалдык рингдеги 67-атаандашы (66 беттештин 63үн жеңип алган) америкалык Брайант Женкингс болмокчу. Кошумчалай кетсек, Кличколордун кенжеси АКШнын аймагында акыркы беттешин 7 жыл мурун, тактап айтканда, 2008-жылы орусиялык Султан Ибрагимовго каршы өткөргөн. Мушкер беттештеринин басымдуу бөлүгүн Германияда өткөрүп келет.