Бишкекте Ала-Арча суусу өз нугунан ашууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрда абанын температурасы жогорулап, суунун деңгээли көтөрүлгөн. Мындан улам Ала-Арча суусу Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө өз нугунан ашып, бир турак үйдүн короосун каптаган. Учурда муздан тазалоо иштерине атайын техника тартылып, иштер жүрүүдө.
Айта кетсек, 2012-жылы да Ала-Арча суусу нугунан ашып, Бөкөнбаев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдү каптаган эле. Буга аталган көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан көпүрөгө кардын толуп калышы себеп болгон.