Базар-Коргон районунда өрт кырсыгы катталып, чайкананын чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 17-декабрда болгон. Анда аталган райондогу Базар-Коргон айыл аймагында чайкананын чатыры күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.