Ала-Арча суусунун кооптуу аймактары көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрь күнү Малдыбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде көлөмү 12 миң метр куб муз топтолуп, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан “Илим” орто мектебинин короосун жана Рыскулов көчөсүндө жайгашкан бир турак үйдү Ала-Арча суусу каптаган. Ошондой эле Совмин кичи районунда жайгашкан жөө адамдар өтүүчү көпүрө бузулган.