Бишкекте 6 жаштагы баланы уруп койгон 7-класстын окуучулары милиция бөлүмүнө алынып келиништи

Борбор калаада 6 жаштагы баланы уруп койгон 7-класстын үч окуучусу милиция бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен С.Жылдызкан аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 12-декабрь күнү Атай Огомбаев көчөсүндө жайгашкан гимназиянын жанынан 7-класстын үч окуучусу анын уулун уруп койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында алар Альберт, Эрлан жана Кеша аттуу 7-класстын окуучулары экени аныкталды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жана түшүндүрүү иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан