Бишкекте массалык мушташка катышуу үчүн келген 47 студент милиция бөлүмүнө алынып келинди

Бишкекте массалык мушташка катышуу үчүн келген 47 студент милиция бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-декабрь күнү Д.Асанов атындагы сейил бакта 100гө жакын бала массалык мушташка катышуу үчүн чогулган. Аларды милиция кызматкерлери байкап калышып, мушташ токтотулган. Ал эми кармалган студенттерге түшүндүрүү иштери жүргөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, массалык мушташка чогулгандар Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт, архитектура университетинин жана Евразия университетинин 1-курсунун студенттери болушкан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beast
2014-12-18 12:35:41
околофудболго
0
erikkarakulja
2014-12-18 17:57:16
Перваши
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан