Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын акыркы сезонунда чемпион аталган бишкектик “Дордой” футболдук клубу Кыргызстан курамасынын 4 футболчусун курамына кошуп алды. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, клубдун катарына Ош шаарынын “Алай” клубунан Алмазбек Мирзалиев, Шерзод Шакиров, канттык “Абдыш-Атадан” Кайрат Жыргалбек уулу менен Марат Ажиниязов кошулду. Жаңы келген футболчулар бишкектик клуб менен 2 жылдык келишим түзүштү.