Мароккодо өтүп жаткан клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун финалчылары аныкталды. 17-декабрда өткөн экинчи жарым финалдык оюндардын жыйынтыгында финалга Түштүк Американын ири лигасы болгон Либертадорес кубогунун жеңүүчүсү, аргентиналык “Сан-Лоренцо” клубу финалга чыкты. Андан 1 күн мурун Европадагы эң ири лига болгон Чемпиондор Лигасын уткан испаниялык “Реал” финалга чыккан эле.
Эми 20-декабрда жарым финалда утулуп калган клубдар “Окленд Сити” (Жаңы Зеландия) менен мексикалык “Крус Асуля” 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт. Финалдык беттеш 21-декабрда испаниялык “Реал” менен аргентиналык “Сан-Лоренцонун” ортосунда болот.