Аламүдүн районунда мас болуп алып мушташып, ресторандын айнегин талкалаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Лебединовка айылындагы “Алтын-Казына” ресторанынын администрациясы 16-декабрь күнү кайрылган. Анда ресторандын кардарлары мушташып, айнектерди сындырганын айткан. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери кардарлар ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташып кетишкенин аныкташкан. Анын кесепетинен ресторандын терезеси сынып, ал эми чатактын катышуучулары изин суутуп кетишкен. Көп убакыт өтпөй бейбаштыкка шектүү катары 21 жана 23 жаштагы шаардын тургундары кармалышты. Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.