Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Пристань-Каракол шаарчасында турак үйдөн өрт чыкты

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 18-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Ысык-Көл облусунда 2,Ош облусунда 2, Ош шаарында 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Пристань-Каракол шаарчасында турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен үйдүн 120 чарчы метр дубалы, шыбы, үй оокаттары, 4 терезеси жана эшиги күйүп кетти. Ошондой эле Бишкек шаарындагы 12-кичи районунда курулуш вагону өрттөндү. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан