Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 7-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында болгон Азия чемпиондугунда спорттун грэпплинг түрү боюнча 66 килограмм салмакта 1-орунду багындырган калаа тургуну Расул Тезекбаевди куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анда мэр жаштарды ар тараптан колдоого аларын билдирди. “Акыркы мезгилдерде Ош шаарындагы бир топ спортчу Кыргызстандын туусун ар кандай мелдештерде бийик көтөрүп келүүдө. Албетте, бул шаардын эле эмес, жалпы улуттун сыймыгы. Мындай мекенчил жаштарды биз ар тараптан колдоп келебиз, мындан ары да колдой бермекчибиз”,- деди А.Кадырбаев.
Маалымат үчүн айта кетсек, Р.Тезекбаев бүгүнкү күндө ИИМдин атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы №3-батальонунда иштейт.