Бишкек шаарында төрт жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкек шаарында төрт жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү унаа уурдоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн.

Ошондой эле анын 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайдан качып кеткени белгилүү болгон.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maksb86
2014-12-19 06:22:23
Неге ушундай адамдардын Аты жонун толук жазып суроттун чыгарбайсынар элдер корушсун что бы башкаларга улгу болушу учун!!!
0
admin_portal
2014-12-19 09:18:57
maksb86, Саламатсызбы!
Кээ бир учурда кылмышты иликтөөдө тергөөнүн кызыкчыгы үчүн андай маалыматтар берилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан