Бүгүн, 18-декабрда хоккей боюнча кыргызстандык жаштардан түзүлгөн “Илбирс-Бишкек” курама командасын Орусиянын Сочи шаарында өтө турган Евразия кубогуна расмий узатуу аземи болду. 20-29-декабрь аралыгында өтүүчү "Хоккей жомогу" деп аталган мелдешке курама команда 20-декабрда жөнөп кетет. Команданы расмий узатуу аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү, КРнын Хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышышты. К.Эргешов өз кезегинде жаш хоккейчилерге ийгилик каалады.
Кошумчалай кетсек, курамга 100 спортчудан иргелип, 22 спортчу кирген. Командага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 800 миң сом каражат бөлүнгөн. Мелдешке Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Латвия, Крым курамалары жана орусиялык “Ермак”, “Русь”, ЦСКА, “Ак-Барс”, “Локо-04”, “Металлург”, “Серебряные львы” клубдары катышат.