Ысык-Ата районунда өрт кырсыгы катталып, үй ээси күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 18-декабрда Новопокровка айылындагы турак үйдүн чатыры, үй мүлктөрү күйгөн. Ошондой эле үй ээси бутунан жана колунан 4-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген.