Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине Калашников автоматын 30 патрону менен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаар тургуну ок атуучу куралды Сухэ-Батор көчөсүнөн таап алганын айткан. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.