Бишкек шаарында "интернет-клубдардан уюлдук телефондорду уурдаган" деген шек менен 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы А.Нурмухамед аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Москва-Тынчтык кең көчөсүндө жайгашкан интернет-клубдан күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 5 миң сомдук уюлдук аппаратын уурдатканын айткан.
Ошондой эле арыз менен 17 жаштагы А.Бекболот кайрылып, интернет-клубдардын биринен 3,5 миң сомдук телефонун уурдатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 17 жаштагы О.Азамат аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.