2015-жылы 16-25-январь аралыгында Орусияда 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курамдардын катышуусундагы “Шериктештик Кубогу-2015” өтөт. Кечээ, 18-декабрда мелдештин чүчү кулак таштоо аземи болду. Анда мелдешке катыша турган 12 команда төрт-төрттөн 3 тайпага бөлүштүрүлдү. Кыргызстандын жаштар курама командасы “В” тайпасында Молдавия, Орусия жана Латвия командалары менен ойномой болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Кошумчалай кетсек, мелдештин 2014-жылдагы чемпиону Украина курама командасы саясий кырдаалдан улам мелдешке катышкан жок.
Тайпалар:
“А” тайпасы: Беларусь, Түркмөнстан, Эстония, Финляндия
“В” тайпасы: Молдавия, Кыргызстан, Орусия, Латвия
“С” тайпасы: Түштүк Африка Республикасы, Литва, Тажикстан, Казакстан
Кошумчалай кетсек, буга чейин мелдешти өткөрүп-өткөрбөө боюнча маселе каралган. Натыйжада мелдештин форматын кеңейтүү, катышуучу командалардын санын 16-18ге чейин жеткирүү чечими чыккан. Жыйынтыгында чакыруу жөнөтүлгөн 18ге чукул курамалардын айрымдары мелдештен баш тартышты. Мелдеш КМШга кирбеген Финляндия менен ТАР (ЮАР) сыяктуу мамлекеттердин катышуусунда биринчи жолу өтүүдө.