Бишкекте уурулук фактысына шектелген 22 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы А.Рафис аттуу тургун кайрылган. Анда ал Гоголь көчөсүндө жайгашкан кеңсесине белгисиз жарандар ууруга кирип, 27 500 сомдук ноутбугун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы А.Бахрам аттуу тургун кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.