Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын жетекчиси Александр Кулинскийге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, директорго карата кылмыш иши кечээ, 18-декабрда козголгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, А.Кулинский жумушка бухгалтер катары кабыл алган А.А. аттуу жаранга айына 34 миң сом айлык берип келген. Ал эми Маданият маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2013-жылдын 1-июлунан бери театрдын бухгалтерине 7 миң сом суммасындагы айлык акы бекитилген. Ошондой эле А.Кулинский театрга юрист катары кабыл алынган В.Т. аттуу жаранга 40-50 миң сом айлык төлөп келген.
Иликтөө иштеринин натыйжасында театрдын юристи катары иштеген В.Т. аттуу жаран 2013-жылдын ноябрь айынан баштап 2014-жылдын июнь айына чейин айлык жана кошумча төлөмдөрдү кошкондо 340 414 сом өлчөмүндөгү акча каражат алган.
Учурда бул иш боюнча Бишкек шаардык прокуратурсынын тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Маалыматка ылайык, бул текшерүү иштерине аталган театрдын эмгек жамаатынан түшкөн арызы себеп болгон.