Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрү боюнча адистештирилген мектеп ачуу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кечээ, 18-декабрда жаш хоккейчилерди узатууга багытталган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, атайын адистешкен мектепти ачуу кийинки жылга пландалууда. Ошондой эле хоккей боюнча ийримдер да ишке кирет. “Бул Кыргызстанда кышкы спорт түрлөрүнүн өнүгүшүнө жакшы шарт түзөт”,- деп кошумчалады К.Эргешов.