Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Алексей Федосеев чемпиондук наамын Францияда коргоо боюнча келишим түздү

Кикбоксчу Алексей Федосеев кикбокстун К-1 түрүнүн WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамын коргоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беттеш Франциянын Монако аймагында 2015-жылдын 11-апрелинде болот. Алексейдин атаандашы франциялык Фабио Пинка болмокчу. Кошумчалай кетсек, 63 килограмм салмакта аталган наамды Алексей Федосеев 2014-жылы 17-июнда бразилиялык Эмерсон Фалькаодон тартып алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2014-12-19 21:01:23
Эми франциянын атынан чыгып калабы ошондо
0
Максат Кудайбердиев
2014-12-19 21:51:19
kama_future_millioner, чемпиондукту коргоо боюнча сунушту Франция тарап киргизип жатат. А. Федосеев макул болуп, беттеш өткөрүүгө макулдугун келишим аркылуу билдирди.
0
K.Batken
2014-12-20 18:14:45
Ийгилик анда..бул баланын техникасы аябай жакты!ден соолугуна амандык...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан