Ысык-Көл районунда бычакталган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум 64 жашта болгон. Ага бир канча жолу бычак сайылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Айта кетсек, кылмышка шектүүнүн мурда да сот жообуна тартылганы белгилүү болду.