Чүй облусу боюнча Экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июнь айында дары чөптөрдү чогултуу менен алектенген ишкерди аталган инспекциянын кызматкерлери "чоң өлчөмдө айып пул салабыз" деп коркутушуп, 10 миң сом талап кылышкан. Ишкер кызматкерлердин мунусуна макул болуп, сураган сумманы берген. Бирок ал кызматкерлер ишкердин жанын койбой дагы 20 миң сом талап кылышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, эки инспектор пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.