"Ырчы Микаэлдин өлүмү боюнча Эркин Турусбековду кыйноого алган" деп шектелген милиция кызматкерлери соттолду

"Ырчы Микаэлдин өлүмү боюнча Эркин Турусбековду кыйноого алган" деп шектелген Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын алты кызматкеринин үчөө акталып, үчөө 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Айта кетсек, 2010-жылдын 31-мартында саат 18-19 чамасында Микаэль киши колдуу болуп, тагыраак айтканда, 22 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн эле. Ал эми 24-май күнү бул кылмышка шектүү деп Эркин Турусбеков аттуу жигит кармалган. Бирок анын апасы Нуржамал Рыскулова баласынын күнөөсү жок экенин жана аны милиция кызматкерлери кыйноого алышканын айткан. Кийин Эркин Турусбековдун кыйноого алынганы аныкталып, акталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Begimkyz
2014-12-20 12:37:08
Ошондо ким күнөөлүү?
0
begusia
2014-12-20 13:12:34
Begimkyz, ошондо бири биринен акча жэк журуп. Кунолу адам ойноп журот
+4
Nariste...12
2014-12-20 13:56:47
4- жылдан бери ырчынын олумуно куноолуулор дагы эле болсо табыла элек болсо, эмне дешти да билбейсин. Бизде закондун жоктугу окундурот.
+2
Multicam
2014-12-20 21:56:56
Nariste...12,
ХХХ таарынып журбосун, тердеп багып закон жазып журот го.
0
admin_portal
2014-12-22 10:21:20
Multicam - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
0
suiuktuujar
2014-12-20 14:13:33
Закон бар ошо законду тура иштеткен адам жок.
+3
burka
2014-12-20 14:41:35
микаелдин жаткан жери жайлуу болсун! дагы деле жакшы кором миканы
+1
shyba
2014-12-20 15:05:36
Бизде акчан болсо законун ыйлап эле карап турат..олгондун озунун шору...бир иштин бетин ачып жыргатпайт биздикилер(((
+1
dominic_toretto
2014-12-20 21:17:34
Абдан окунунучтуу...
0
Sharipa-asia
2014-12-21 14:43:58
Окунучтуу. ..жапжаш ырчы жигиттин кимге зыяны тийди болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан