2018-жылы Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугу 14-июнда башталып, 15-июлда жыйынтыкталат

ФИФАнын Аткаруу комитети кечээ, 19-декабрда 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун так даталарын бекитти. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Орусиядагы Дүйнө чемпиондугу 2018-жылдын 14-июнунда башталып, 15-июлда жыйынтыкталат. Ошондой эле 2017-жылы өтө турган Конфедерация Кубогу 17-июнда башталып, 2-июлда аяктайт. 

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өтөт. Оюндар боло турган шаарлардын тизмеси: Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Екатеринбург.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан