Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы №21-үйдүн 87-батиринен 66 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-декабрь күнү саат 18:45 чамасында куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Үйдөн 1948-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.