Сууда сүзүү боюнча Олимпиада оюндарынын 18 жолку чемпиону, америкалык спортчу Майкл Фелпске мас абалында унаа айдаганы үчүн айып тагылып, 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. 29 жаштагы спортчу сентябрь айында мас абалында унаа башкарып бараткан жеринен кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 6-октябрында Фелпс АКШнын аталган спорт түрү боюнча федерациясы тарабынан жарым жылга спорттон четтетилген. Андан соң спортчу 2015-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышпай турганын жар салган.