Ысык-Көлдө 14 жашар кызды 15 миң сом жана 1 койго сатып жиберүү фактысы аныкталды

Тоң райондук ички иштер башкармалыгына Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну кайрылып, 14 жаштагы кызы октябрь айынын аягында Кубакы аймагындагы "Жол-Булак Евразия" кафесине иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген. Иликтөөдө аталган кафенин Элиза аттуу ижарачысы, анын күйөөсү Кайрат жана атасы Таштан кызды Чүй облусунун Кичи-Кемин айылынын Нурлан аттуу тургунуна 15 миң сом жана 1 койго сатып жибергени аныкталган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы 22-декабрда кабарлады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Saribulak
2014-12-22 09:05:07
Башы жоктор! Кымбатырак сатышпайбы.
-7
edu.kg
2014-12-22 09:05:47
Ой абандааар!!!! Билинбей калат дешкенби эмне? Укук коргоо органдары тигилерди жазалашаар бекен жэ булар да бир кой 15мин алып жаап салышат бекен.
+1
realbek89
2014-12-22 09:14:20
Бул нерсе кандай шумдук эми, бироонун кызын бироо сатып.Же алып качып кетти бекен ,анан аларга калынын берип 15мин сом,1 койго.Бирок неге ата энесинен алдына барбады?
+3
Nasyrkg
2014-12-22 10:12:09
Ата энеси акмак да онторт жашар кызды кафеге жумушка жиберген.
+4
suiuktuujar
2014-12-22 10:30:40
Жаш кызды да кафеге жумушка жибереби кылдат текшеруу керек бул ишти.
+5
kuttubek-kg
2014-12-22 11:50:45
Октьябрда кетсе азыр декабрь эки айдан бери байкуш кыз соо болбосо керек
+2
Kairatmyn
2014-12-22 13:24:32
Ажо туура айтмакчы кайран гана шордуу элбиз да кайран гана элбиз тан калыштан айда жок кандай Адам кантип? Кайсы ой менен сатат бул адамда кой жэ уй эместа кок мээлер (малдар) башка айтар соз жок.
0
samidinova84
2014-12-22 13:43:16
Ата-Энелердин оз баласына болгон жоопкерчилиги томон болуп жататда азыркы убакта,тем более кыз бала болсо.
+1
Azura
2014-12-22 14:08:49
Энесине да кылмыш ишин козгош керек.
0
Alina1984
2014-12-22 18:17:44
Биздин айылдан турбайбы,сураштырып коройун да
0
www.chynara.98
2014-12-23 02:45:31
Ииее десе
0
iliaz-sng
2014-12-23 02:48:07
башка олколор алдыга кетсе биз аркага кетип жатабызбы деймда. э кыргызым кыргызым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан