Европанын мыкты жаш футболчусуна ыйгарылуучу “Golden Boy” сыйлыгын Рахим Стерлинг утуп алды

Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун 20 жаштагы жарым коргоочусу Рахим Стерлинг Европанын мыкты жаш футболчусу катары Golden Boyсыйлыгын алды. Добуш берүүдө Стерлинг италиялык “Интердин” оюнчусу Матео Ковачич менен каталондук “Барселонанын” оюнчусу Мунир Эль-Хаддадини артка калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Р.Стерлинг өткөн сезон алкагында “Ливерпулдун” курамында 38 оюн өткөрүп, 10 гол киргизген. Ал эми Англия курамасында 14 беттеш өткөргөн.

Кошумчалай кетсек, “Golden Boy” сыйлыгы 2003-жылдан тарта Европанын мыкты жаш футболчусуна ыйгарылып келет. Сыйлыкты биринчи болуп голландиялык Рафаэль ван дер Варт алса, 2013-жылы италиялык “Ювентустун” оюнчусу Поль Погба алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
realliver
2014-12-22 09:53:20
2003-Рафаел Ван дер Ваарт
2004-Уэйн Руни
2005-Лионель Месси
2006-Сеск Фабрегас
2007-Серхио Агуэро
2008-Андерсон
2009-Алешандро Пато
2010-Марио Балотелли
2011-Марио Гетце
2012-Иско
2013-Поль Погба
2014-Рахим Стерлинг
+3
realliver
2014-12-22 09:56:40
Бирок кечээки Интер-Лацио оюнунда Ковачич акмакча гол киргизди да
+2
Aibo88
2014-12-22 11:18:38
Jakwy oiunchu
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан