Өткөн суткада өлкө аймагында 15 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза таап, 20 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында болгон 5 жол кырсыгынан 6 адам жаракат алды. Чүй облусунда 5 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза таап, 7 адам ар түрдүү жаракат алган. Ысык-Көл облусунда 1 жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 2 адам жаракат алды. Нарын облусунда 1 жол кырсыгы катталып, 1 адам жаракат алды. Ош облусунда 3 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 4 жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алды.
Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында 20-декабрь күнү жол кырсыгынын кесепетинен ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу көз жумду. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 21:30 чамасында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа менен ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен оор жаракаттарды алган ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын Айбек аттуу айдоочусу аймактык ооруканадан каза болду. Бул факты боюнча чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.