Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, Ат-Башы районунда турак үй толугу менен өрттөнүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 22-декабрдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусундагы Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарындагы кароосуз калган үйдүн 12 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кетти. Учурда үйдүн ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Ат-Башы районундагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жалпы аянты 182 чарчы метрди түзгөн үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан