Бишкекте "кореялык ишкерден алдамчылык жол менен 2,6 миллион доллар акча каражатын алган" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "кореялык ишкерден алдамчылык жол менен 2,6 миллион доллар акча каражатын алган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы түштүк кореялык жеке ишкер Кыргызстанга жеке менчик медициналык клиника ачуу үчүн кыргызстандык таанышына 2,6 миллион доллар акча каражатын которуп берген. Кыргызстандык жаран ал акчага жер сатып алып, медициналык клиника ачмак. Акчаны алган жаран ал клиниканы салып, бирок тиешелүү документтердин баарын өзүнүн атына каттатып алган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nurmuhammad
2014-12-22 13:06:40
Анан кимдин атына каттатыш керек?
0
Adambol
2014-12-22 13:13:54
туура кылыптыр
0
bema_bema
2014-12-22 16:51:58
Алдабай эле салдырыптырго,карей кареяда болсо кимге каттатат карей салдырып бутуруп алып эми каматтайын деп жатканокшойт байкушту
0
Dadin2
2014-12-22 16:52:01
Жепжутарлар менен болушпой койсо керек да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан