Бишкекте унаа уурдоого шектелген 19 жаштагы шаардын тургуну кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектүү катары 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 33 жаштагы шаардын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал короодо токтоп турган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран уурдоого аракет кылып жатканын айткан. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 19 жаштагы шаардын тургунун кармашты. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан