Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 14 жаштагы кызды сатуу фактысы боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.
"Жети-Өгүз айылынын 14 жаштагы Мээрим аттуу тургуну үйүнөн качып кетип, көп убакыттан бери ата-энесине кайда экендигин билдирбей келген. Ал Боом капчыгайындагы “Жол-Булак Евразия” кафесинде официант болуп иштеп жүргөн. Ал кафенин ижарачысы Элиза жана анын күйөөсү Канат аттуу жарандар ал кызды ошол аймакта жашаган Нурлан аттуу айдоочу менен тааныштырган. Жолугушуунун алкагында Нурланга Мээримди 19 жашта деп айтышкан. Андан соң кафенин ижарачысы Элиза күйөөсү экөө Мээримдин алыс тууганы Таштан аттуу жаран менен сүйлөшүп, ал кызды 15 миң сом жана 1 койго күйөөгө сатып жиберген",- дейт С.Усубакунов.
Белгилүү болгондой, Мээрим аттуу кызды болочок күйөөсүнүн үйүнө алып келгенде Нурландын туугандары жана анын апасы кыздын ата-энеси, туугандары тууралуу сурашкан. Сүйлөшүү учурунда Мээрим 19 жашта эмес, 14 жашта экенин билишип, кафенин ижарачысы Элиза, анын күйөөсү Канат жана Таштан аттуу жарандын үстүнөн арыз жазышып, милицияга кайрылган.
“Териштирүү иштеринин натыйжасында Мээримдин апасы, Таттыбүбү аттуу аял табылып, Мээримдин жашы жете электигине байланыштуу анын ордуна апасы арыз жазган. Кыздын өткөөл мезгили болгондуктан, ал үйүнөн качып кеткен болуш керек, ал 28-октябрдан бери ата-энесине дайынын билгизбей келген. Ал өзүнүн жашынан чоң көрүнгөндүктөн, Нурлан аттуу жаран аны 19 жашта деп ойлоп алган болушу мүмкүн”,- деди С.Усубакунов.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө, бир нече сааттын ичинде жыйынтыгы чыгат. Ага ылайык, кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып, күнөөлүүлөр жоопко тартылмакчы.