Жыл ичинде ийгилик жараткан самбочулар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан сыйлык алышты

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев КРнын Самбо спорту боюнча федерациясынын президенти жана жыл ичинде ийгилик жараткан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга федерациянын президенти Нурлан Токоноев жана ири мелдештерде ийгилик жараткан 9 спортчу чакырылган. А.Алымкожоев спортчуларды сергек жашоого үндөп, спорт аркылуу ири жетишкендиктери үчүн Ардак грамоталарды жана бирден аскердик формаларды тапшырды. Федерациянын башчысы Нурлан Токоноев болсо машыгуу залдарынын жана каражаттын жетишсиздигине карабай Самбо федерациясы мыкты болуп аныкталганын белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mushker2013
2014-12-23 02:33:16
Жакшы нерсе, азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан