Борбордо унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалышты

Бишкек шаарында унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 30 жаштагы А.У. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн алдына токтотулган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип кеткенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 12 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ч.М., 16 жаштагы М.Э. жана 16 жаштагы Н.А. аттуу өспүрүмдөр кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан