Аламүдүн районунда курулуп жаткан объектиден 65 метр кабелди уурдоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы С.С. аттуу тургун кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар курулуш жүрүп жаткан объектиден жалпы суммасы 5200 сомду түзгөн 65 метр кабель уурдаганын айткан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 38 жаштагы З.П. жана 30 жаштагы Б.С. аттуу тургундары кармалышты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.