Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы казакстандык “Таразды” 2 жолдоштук беттешүүдө тең утуп алды

21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы 2015-жылкы Шериктештик Кубогу мелдешине даярдыгынын алкагында 21-22-декабрь күндөрү казакстандык “Тараз” клубу менен 2 жолдоштук беттеш өткөрүштү. 2 беттеште тең кыргызстандыктар 2:0 эсеп айырмачылыгында жеңишке жетишишти. Алгачкы беттеште Бахтияр Дүйшөбеков менен Виктор Кельм айырмаланса, экинчи оюнда жеңиш голдорун Мирбек Акматалиев менен Фархад Мусабеков киргизди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, 2015-жылкы Шериктештик Кубогу 16-25-январь аралыгында өтөт. Анда Кыргызстан жаштар курама командасы “В” тайпасында Молдавия, Орусия жана Латвия курамалары менен кез келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kama_future_millioner
2014-12-22 15:36:54
Жакшы кийин да ушундай жетишкендик алып келсеңер
0
arisim
2014-12-22 19:30:56
Футболчулар утуп алды дегенди да угат экенбиз аа
0
mr.bektur
2014-12-22 23:57:58
arisim, birok kurama komandany emes kazakstandyn i4indegi bir ele komandany butundoy KyrgyzstandaN KURALGAN KOMANDA JENIP JATPAYBY...(
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан