КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшулган “Нелегал” операциясынын жүрүшүндө Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун мыйзамсыз алып жүргөн Өзбекстан Республикасынын жаранын кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул жаран Өзбекстан Республикасынын аймагында кылмыш кылып, издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Учурда башка мамлекеттин жаранына жасалма документ менен жарандык паспорт алып бергенге көмөктөшкөн жарандарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.